Домой Саясат С.Муканбетов: Болочоктогу башкаруу биримдигине «Ата Мекендин» кирбей калышы, татаал саясий кризиcти алып...

С.Муканбетов: Болочоктогу башкаруу биримдигине «Ата Мекендин» кирбей калышы, татаал саясий кризиcти алып келет

8

ата-мекен

КСДП партиясы менен президент А.Атамбаев башкаруучу коалицияны сактап калууга жана аны бекемдегенге кызыкдар. Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов «Де-факто» гезитинин 21-июнда чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башкаруучу коалициянын бузулуп кайра түзүлүшү бир топ убакытты сарптап, туруксуздук менен коштолоорун эске алганда андай баш оору бийликтегилерге керек эмеc.

«Азыр коалициянын ичиндеги айрым таасирдүү күчтөрдүн болочоктогу башкаруу биримдигине (мисалы «Ата Мекендин») кирбей калышы азыркыдан дагы татаал саясий кризисти алып келиши мүмкүн. Ошондуктан азыркы бийлик башындагылар «өлбө жаным өлбө» деп арабасын кылдыратууда. Өзүлөрү баштап, кардиналдуу кадам жасайт деш кыйын», – дейт ал.

Булак : De-факто