Домой Саясат С.Өмүрзаков менен К.Асанов көптөн бери эле эрегишип, бири-бирин эңише албай келет экен,...

С.Өмүрзаков менен К.Асанов көптөн бери эле эрегишип, бири-бирин эңише албай келет экен, – «Фабула»

3

Жалал-Абад облустук администрациясын ташиевчилер басып алганда урган бойдон баягы эле Курсан Асанов жетип барган. Бул тууралуу «Фабула» гезити 14-июндагы санында маалымдайт.

Гезитте белгиленгендей, элди «эсиңерге келгиле, имаратты бергиле, тынч бошотсоңор, эч ким эч нерсе болбойт» – деп тынчтыкка чакырып, аз-аздан кепке келтирип, кырды-бычак кырдаалды жайгарып келатканда жанагы жалганчы губернатор Медер Үсөнов дегени жер менен жексен болуп табылбай калат. Эбепке себеп таба албай турган ташиевчилер ач айкырыкты салып, Курсанды жалганчы атап, жолду бууп таштайт.

«Ал ортодо Ош облустук ИИБ башчысы Сүйүн Өмүрзаков чекисттер менен чечишип Медер Үсөновду «уурдап» кеткен деген кептер кеңири тарайт. Көрсө амбициясы ашып-ташыган С.Өмүрзаков менен К.Асанов көптөн бери эле эрегишип, бири-бирин эңише албай келет экен», – дейт гезит.

Булак : «Фабула»