Домой Экономика Садыр Жапаров банкрот кылган «Жыргалаңдан» өкмөт 100-150 миң тонна көмүр өндүрмөкчү

Садыр Жапаров банкрот кылган «Жыргалаңдан» өкмөт 100-150 миң тонна көмүр өндүрмөкчү

2

Жыргалаң2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөрдү» шылтоолоп бийликти күч менен басып алуу планы ойрондолгон соң депутаттык мандатынан ажырап, абакка отуруп чыккан Садыр Жапаров мындай «барбарос планын» былтыр 7-октябрда да жүзөгө ашыра албай ичинен түтөп жүрү. Ага ишенип чыккан жаштарды коргомок түгүл, өз жанын ала качып учурда эски кожоюну Курманбек Бакиев жашаган Минскиде күн кечирүүдө. Ал эми ал убагында итбекер сатып алган «Жыргалаң» шахтасына өкмөт жан киргизүүгө шымалана киришти.

Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаев жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде жергиликтүү тургундар «Жыргалаң» шахтасын иштетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган. Мындан улам, бир жылдан бери иштебей турган кен ишке киргизилерин 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күз-кышка карата даярдыкка арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, өкмөт 10-октябрдан тартып «Жыргалаңды» ишке киргизүүнү пландоодо. «Өкмөт өкүлдөрү «Жыргалаң» шахтасында болуп кайтышты. Ал жерден 100-150 миң тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар» деген Т.Сарпашев аталган шахта көмүрдү кышкы сезондо арзан баада сатууга шарт түзөрүн кошумчалады.

Айбат гезити №97