Домой Коом Садыр Жапаров Жети-Өгүз районундагы жердештери тарабынан кубаланганын төгүндөдү

Садыр Жапаров Жети-Өгүз районундагы жердештери тарабынан кубаланганын төгүндөдү

6

Жапаров Садыр“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда шайлоочулар менен болгон жолугушуусу учурунда аны кубалап аткан видео боюнча комментарий берди. Интернетке депутат тургундар менен жолугушуу учурунда аны кет деп аткан видео чыккан болчу.

Видеодо жоон топ эл депутатты сүйлөттүрбөй атканы тартылган. Депутат менен жолугушууга келгендердин бири “Сен бул күнгө чейин кайда жүрдүң эле?” “Эмне үчүн Бакиевдин тушунда жогорку кызматта отурганда “Кумтөр” маселесин көтөргөн жоксуң”, “2009-жылы мыйзамсыз түзүлгөн деген документтерди көргөзө аласыңбы” деп кыйкырган.

Жапаровдун айтымында, ал бир канча күн мурун Жети-Өгүздүн тургундары менен жолуккан. Ал эл менен жолугуп бүтүп калган учурда жолугушууга келген бир нече адам чагымчыл суроолорду берип элди көкүтүп жиберген. “Жаңжалдын чыгышына жол берген жокпуз, бардыгы тынчтык жолу менен чечилди”,- деди депутат.

Жапаров бул провокацияны саясатчылардын бирөө эле уюштурду деген пикирде.