Домой Саясат Садыр Жапаров: Түрмөдө жатып ким тууган, ким душман экенин билдим

Садыр Жапаров: Түрмөдө жатып ким тууган, ким душман экенин билдим

5

Жапаров СадырМен түрмөдө жатып жаманды да, жакшыны да, тууганды да, душманды да көрдүм. Мени ошол жагына өзгөрттү, деп билдирди «Ата Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаров «Мекен инфо» гезитинин 11-июлда чыккан санына берген маегинде.

Ал белгилегендей, ким тууган, ким душман экенин да билди. «Кимдин ким экенин билип алууга чоң мүмкүнчүлүк болду», – деди депутат.

Бирок, ал акталып чыккандан кийин аны куттуктап жаткандардын эч кимисин ылгаган жоктугун айтат. «Душман бул – дос же душман деген аракетим болгон жок. Чынын айтсам, мени табалады эле ушул адам деп кектөө оюма деле келген жок. Табалагандары болсо Кудайга койдук деп жаттык», – деп кошумчалады С.Жапаров.

Булак : Мекен инфо