Домой Саясат Садыр Жапаровдун Жокилиги тынчыбас болду

Садыр Жапаровдун Жокилиги тынчыбас болду

3

Жапаров СадырСадыр Жапаровдун тааныбайм деп каратып туруп танып кеткен коомдук жардамчысы Ж.Кожобеков (Жокилик) саруулуктарды тынч жаткызбас болду.

Шефинин курултайы жакындаган сайын Жокилик да активдешип, саруулук жаштар менен улам жолугуп, аларды кайрадан бийликке каршы чыгууга үгүттөп жүрүптүр. Ошондой эле ал Садыр Жапаров митингдерди уюштуруп, бийликти басып алууга камданып жатканын чуулдатып, саруулук жаштарды кайрадан мыйзамсыз иштерге түртүп жатканын кандай түшүнөбүз?

Башаламандык болуп кетсе, Жокилик менен Садыр суудан кургак чыгышып, ортодо жаш балдар өз эркиндиги менен кош айтышып, тагдырларына балта чабылып жатканын жарыктык аксакалдар, ата-энелер балдарыңарга түшүндүрүп койсоңор!

Айбат гезити №70