Домой Коом Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардын ден соолугуна тынчсызданууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардын ден соолугуна тынчсызданууда

5

ден-соолукСаламаттыкты сактоо министрлиги жарандардын ден соолугуна тынчсызданып атайын билдирүү таратты. Анда учурдагы саясий партиялардын  үгүт материалдарынын болуп көрбөгөндөй көбөйүшү адамдын психикасына коркунуч келтирери айтылат.

Тез жардам кызматынын №4 подстанция бөлүмүнүн башчысы Алимжан Чотбаев үналгы жана сыналгыдан жаңырып жаткан үгүт материалдар элди маңкуртукка алып бара турган белгилер байкалып жатканын айтат.  Ал белгилегендей, жарнамалардын мурун болуп көрбөгөндөй көбөйүшү адамдын аң-сезими үчүн белгилүү бир коркунучтарды алып келиши мүмкүн. “Расмий медициналык корутундуну чыгаруу үчүн өзүнчө иликтөө жана изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат, бирок азыр эле көрүнүп тургандай, жарандарга мунун баары оор – үгүттөөнүн баарын аралаштырып – анан бул процесс баш айланып, маңкурт болуу фазасына тез эле өтүп кетиши мүмкүн. Менин көп тааныштарым, ошондой эле бейтаптар үгүттөө иштеринин, анын ичинде пиар-кампаниялардын ашыкча көлөмүнө арызданышууда. Телеберүүлөрдүн жетекчилиги жарнамалардан акча гана таппастан, телекөрүүчүлөрүнө да кам көрүшү керек”, – дейт дарыгер.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)