Домой Саясат Салымбеков өлүм жазасын киргизүүнү кайрадан көтөрүп чыкты

Салымбеков өлүм жазасын киргизүүнү кайрадан көтөрүп чыкты

1

Мамытбай СалымбековБүгүн, 2-октябрда парламенттин жалпы жыйында КСДП фракциясынан депутат Мамытбай Салымбеков өлүм жазасын киргизүүнү кайрадан көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, буга чейин парламенттин 3-чакырылышынын депутаттары өлүм жазасына мораторий жарыялашкан. Бирок учурда өлүм жазасын киргизүү мезгилдин талабы болуп жатат.

“Өзгөчө оор кылмыш жасоо фактылары өсүп жатат. Андыктан жазанын мындай түрүн киргизүү, кылмыштуулуктун өтө оор түрү менен күрөшүүнүн эң ылайыктуу жолу. Муну коомчулук суранып жатат”,-деди депутат.