Домой Hi-Tech “Samsung” компаниясы “Apple”дин эки патентин бузган

“Samsung” компаниясы “Apple”дин эки патентин бузган

0

Samsung_logo

Компаниянын Galaxy S 4G, Galaxy Tab жана Galaxy Tab 10.1 смартфондору АКШда сатууга тыюу салынат. Эл аралык соода комиссиясы “Apple” компаниясынын интеллектуалдык менчик укугу боюнча Түштүк Кореянын “Samsung” компаниясына болгон доо арызын канааттандырды. Ага ылайык аталган компаниянын Galaxy S 4G, Galaxy Tab жана Galaxy Tab 10.1 смартфондору АКШда сатууга тыюу салынат. Америкалык юристер “Samsung Electronics” компаниясы смартфондорду жана планшеттердин айрым үлгүлөрүн чыгарууда “Apple” компаниясынын эки патентин бузган деген корутунду чыгарды. Ага ылайык, “Samsung” өндүргөн түзүмдөрдү АКШда импорттоого тыюу салды. Бул чечим президенттин администрациясынын кароосунда алтымыш күн болот. Эгерде өлкөнүн президенти Барак Обама ага кол койсо анда ошол күндөн тартып күчүнө кирип, Galaxy S 4G, Galaxy Tab жана Galaxy Tab 10.1 жана башка планшеттер, смартфондор АКШга келүүсүнө тыюу салынат.

Айбат гезити