Домой Саясат Сапар Исаков Башкы прокуратурага кайрылды

Сапар Исаков Башкы прокуратурага кайрылды

5

Сапар ИсаковПрезиденттик Аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаков Башкы прокуратурага кайрылып, “Көчмөндөр оюнуна” чыгымдалган каражаттарды тыкыр иликтеп чугууну суранды. Ал аталган иш-чарага бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталганы, чыгашалар кайда жумшалганын тыкыр текшерип чыгууну башкы көзөмөл органынан суранган.Белгилей кетсек, буга чейин “Темир Канат” ишканасынын башчысы Э. Мергенбаев Президенттик Аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаковду “Көчмөндөр оюнуна” бөлүнгөн каражатты өз кызыкчылыгына жумшаган деп айыптап чыккан. Ал эми 11-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды оңдоого катышкан бир катар мекеменин жетекчилери Э. Мергенбаевдин айткандарын маалымат жыйынында жокко чыгарды.

Айбат гезити №141