Домой Саясат Сариев Шакини колдоп, кадырын нөлгө түшүрүүдөбү?

Сариев Шакини колдоп, кадырын нөлгө түшүрүүдөбү?

2

Шаршенбек Абдыкеримов«Акшумкарчы»  азыркы башбакан Темир Сариев “шайлоого катышпайм”- деп саймедиреп, саясий “упай” топтоого ашыккан эле… Эми айткан убадасын унутуп калганбы же партиясына ээ боло албай калганбы, айтор, “акшумкарчылар” “оптом” Кыргызстан партиясынын коюн-колтугуна кирип, ал партиянын тизмесине тизилип, шайлоого аттанды.  Сариевдин эң жакын көздөй кишилери Тынчтыкбек Конушбаев, Гүлбара Барктабасова, Бейшенаалы Нурдиновдорду атасак болот. Балким, премьер Сариевдин кара чечекей өкүл баласы, “аюучу” Шакини (Шаршенбек Абдыкеримов) колдоп партиясын “Кыргызстанга” кошуп жатабы, ыя? Анткени, Шакинин  ондогон, жүздөгөн, миңдеген жумушчу орундарды камсыз кылганы менен миллиондогон жарандарды аракка ууландырган кадимки “АЮ” компаниясын башбакан тынымсыз кыдырып, мамлекеттик КыТыРыдан, ЭлТыРыдан тынымсыз көкөлөтө көрсөтүүсү  көп суроону жаратууда…  “Бакстын” тушунда Шаки Темикеден жаа боюу качып, көлөкөсүн жашырып жүрсө, өкмөт башчылыкка келгени анын эбин тапканына, баракелде! Акырындап жүдаа пайдасын көрө баштады дегендей…  Саясий оюн качанкыга чейин “ыссык” болоор экен? Канткен менен убадасына тура албаган экөөнүн  биригиши, же Темирдин Шакини колдошу кадырын нөлгө түшүрбөйбү?..

Айбат гезити №144