Домой Негизги Сарпашев килем алыш үчүн Бишкек ЭЭАден 2 млн сом сураган

Сарпашев килем алыш үчүн Бишкек ЭЭАден 2 млн сом сураган

9

СарпашевВице-премьер министр Тайырбек Сарпашев килем алыш үчүн Бишкек экономикалык аймагынан 2 млн сом сураган. Бул тууралуу Сарпашевдин ЭЭАнын жетекчиси Орозбек Нусувалиевдин атына жазган катында белгиленген. Катта мындай деп жазылган: “Учурда өкмөт үйүнүн имаратында расмий иш-чаралар көп өткөрүлө баштагандыктан килемдерди жана башка материалдык баалуу буюмдарды алмаштыруу маселеси курч турат”. Ошондой эле, “2013-жылдын жана 2014-2015 -жылдарга болгон божомолдор боюнча мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамда каралган каражат керектүү муктаждыкты толук жаппайт”,- деп жазылат. Ушундан улам президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына демөөрчүлүк кылууңузду суранам деп Сарпашев кат жазган. Белгилей кетсек, кат 2013-жылдын 23-сентябрында жиберилген. Сарпашевдин бул өтүнүчү канааттандырылганбы, ал белгисиз.

1

Айбат гезити №50