Домой Коом Саруулуктар акимдин жана ОИИБ жетекчисинин суранычы менен жолду убактылуу ачышты

Саруулуктар акимдин жана ОИИБ жетекчисинин суранычы менен жолду убактылуу ачышты

4

Саруу айылына чогулган митингчилер Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоровдун жана Ысык-Көл облустук ИИБнин жетекчиси Эмилбек Сариевдин жеке суранычы менен эртең, 27-ноябрь саат 11:00гө чейин Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун ачышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, митингчилер эгерде өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев саат 11ге чейин келбесе, жолду кайрадан тосушаарын билдиришти.

Эске салсак, бүгүн митингчилер облус жетекчисин жолугушууга чакырып, бирок ал келбей калгандыгына байланыштуу унаа жолду буушкан болчу. Ал эми Э.Каптагаев бүгүн алар менен жолугууга физикалык жактан жетишпей турганын айтып, эртең келээрин билдирген эле.