Домой Коом Саруулуктар жаштардын кылыктары үчүн кечирим сурашты

Саруулуктар жаштардын кылыктары үчүн кечирим сурашты

4

Каптагаев Эмилбек28-апрелде Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев саруулуктар менен жолугушту.
Каптагаев Саруунун жаштары соттолуп кетишин каалабастыгын, бирок алар саясый күчтөрдүн куралы болуп калганын билдирди. “Менде Саруунун жаштарына эч кандай дооматым жок, алардын жоопкерчилигин сот карасын. Ошондой эле мени барымтага алгандардын артында тургандар да жоопкерчиликке тартылышы керек болчу”, – деди Каптагаев. Өз кезегинде саруулуктар жаштарынын кылган аракеттери үчүн кечирим сурашып, балдарын кайтарып берүүнү өтүнүштү.
Саруулуктардын өкүлү Кайрат Качаганов белгилегендей, жаштар Кумтөр боюнча өкмөт кыймылдабай койгондуктан, ушундай кадамга барышкан.

Айбат гезити №76