Домой Кызыктар дүйнөсү Сербияда Путиндин атынан кафе ачышууда.

Сербияда Путиндин атынан кафе ачышууда.

4

Кафе ПутинСербиянын Нови-Сад шаарынын борборунда Россиянын президенти Владимир Путиндин аты менен кафе ачылууда. Кафенин ээси Радивой Миляничтин айтуусу боюнча: “Шаардыктардын көбү Путинди сыйлашат жана жакшы көрүшөт. Демек кафеге ал кардарлар тез-тезден келип турушат. Анын үстүндө мен мындай кадамым менен саясий позициямды билдиргим келди”, – дейт бизнесмен.

Кафенин сырткы жарнагы үчүн Милянич орустардын желегин жана Путиндин сүрөтүн тарттырган. Кардарлар үчүн “Путин” жакынкы күндөрү ачылат.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №89