Домой Саясат Ш.Абдыкеримовго Н.Ариповдун алы жетпей жатыптыр

Ш.Абдыкеримовго Н.Ариповдун алы жетпей жатыптыр

2

Абдыкеримов Шаршенбек “Аюу” фирмасынын башкы директору, “Республика” фракциясынын мурдагы мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов аттуу капчыктуу депутат бар. Бирок, бул инсанды ЖК депутаты катары билбегендер толтура. Мыйзам жагын түшүнө бербегени, интеллект жагынан жогураак болгон менен өзүм дегенде өгүздөй күчү бар экенин мындан биле бер. Себеби, “Республика” фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаев аталган партиянын кожоюну Ө. Бабанов менен мамилеси келишпей калып, кылмыш иши козголгонго чейин жеткени маалым эмеспи. Дал ошол Канат мырза 7–кабаттан кетер менен анын ордун Шаршенбек Абдыкеримов ээлеп келет. Шаршенбек мырзанын ал кабинетте орду эле болбосо, чет мамлекетте саякаттагандан колу бошобойт экен. Ал эми “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов 3 кабатка кыпчылып, Ш. Абдыкеримовду ордуңду бошот деп, кол чогултуп жүргөнүнө таңдангандар толтура. Өз ордун ала албаган Назарали кантип фракция лидери болуп жүрөт десең?

Айбат гезити №73