Домой Негизги Ш.Атаханов кызматтан гениалдуу бизнес үчүн кетти беле?

Ш.Атаханов кызматтан гениалдуу бизнес үчүн кетти беле?

0

Ш.АтахановАйтылуу «Замандаш» ассоциациясы кечээ жакында ажого ачык кат жазды, дейт «Де-факто» гезити 14-июндагы санында.

Гезит билдиргендей, анда эмгек мигранттарынын социалдык жана пенсиялык камсыздоо боюнча өкмөттүн атайын программасы тууралуу айтылат. Өкмөт токуган ал токтом боюнча эми эмгек мигранттардын пенсиялык камсыздоо ишин Кыргызстандын жана Орусиянын жеке менчик компаниялары ишке ашырат экен. Бул ачыктан ачык эле алдоо, эмгек мигранттарын сызга отургузуу. Бул жеке менчик компаниялардын гениалдуу идеясы экенин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Жеке менчик пенсиялык фонд кыргызстандык мигранттардын эсебинен алдыңкы 5 жыл ичинде кирешесин 3 млрд рублдан 30 млрд рублга чыгарып, эң ири пенсиялык фондго айланарын жазышат.

«Биздин укканыбызга караганда бул бизнес идеяны ишке ашырууга Кыргызстан тараптан экс-вице-премьер Ш.Атаханов аракетти катуу көрсө, Москва жактан экс-жердешибиз Б.Силаев кызыкдар экен», – дейт гезит.

Булак : De-факто