Домой Саясат Шаардык кеңеш КСДП фракциясын Бишкек жана Ош жөнүндө мыйзамды колдоого чакырды

Шаардык кеңеш КСДП фракциясын Бишкек жана Ош жөнүндө мыйзамды колдоого чакырды

4

СДПК

Бүгүн,14- июнда КСДП фракциясынын депутаттары алардын шаардык кеңештеги партиялаштары менен жолугушуу өткөрдү. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов кесиптештерин “Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө” мыйзамдын долбоорун колдоого чакырды.

Эскерте кетсек, мыйзам долбооруна ылайык эки шаардан чогулган салыктын 35 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталууда.

Аманкулов кесиптештеринен мыйзам долбоорундагы бул пункту өзгөртүүсүз калтырууну өтүндү. “Бул пункт бизге сөзсүз керек. Ансыз мыйзамдар бир-бирин кайталап калат”, – деди Аманкулов.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/225752