Домой Саясат Шаардык кеңештин 45 депутатынан жыйынга 29у гана келди

Шаардык кеңештин 45 депутатынан жыйынга 29у гана келди

5

иса омуркуловБүгүн 27-июнда бишкек шаардык кеңешинин боло турган отурумунда депутаттар шаардын мэри Иса Өмүркуловдун ишмердүүлүгү боюнча отчетун угушат. Күн тартибинде он маселе каралуу алдында турат. Ошондой эле бүгүн депутаттар Бишкек мэринин ишмердүүлүгү боюнча отчетун угушат. Жыйынга “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева да келип катышат. Эске сала кетсек март айында шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулган. Анда оппозициялык «Республика» фракциясынын депутаттары Өмүркуловду шаардагы маселелерди чечүүгө жөндөмсүз деп күнөөлөп, ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Бирок бул демилге көпчүлүктөн колдоо тапкан эмес. Жыйынтыкта мэрге ишиндеги кемчиликтерди оңдоо үчүн үч айлык мөөнөт берилген.