Домой Маек Шайлообек Дүйшеев, КР эл акыны: “Эл – деген эч убакта карыбайт жана...

Шайлообек Дүйшеев, КР эл акыны: “Эл – деген эч убакта карыбайт жана өмүр бою бала бойдон калат”

8

Шайлообек Дүйшеев– 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого үгүт иши расмий түрдө башталганы турат. Бул жолку шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

– Бул шайлоодо эл өзүн көрсөтүүсү абзел. Уруу-урукка, айыл-айылга, тууганчылыкка бөлүүнүнү токтотуш керек. “Эл – деген эч убакта карыбайт жана өмүр бою бала бойдон калат” деген аныктама бар. Ошондуктан чоңдорубуз элди алдоосун токтотуусу шарт. Гезитке этти оросон- эт, гезитке отту оросон-от чыгат.

– Айрым ички жана сырткы күчтөр шайлоону пайдаланып ар кандай калпыс аракеттерин ишке ашырууга аракет көрөт деген сөздөр жүрүүдө. Элибиздин  тынчтыгын бузууга аракет кылгандарды кантип тыйса болот?

– Биздин саясатчылар кандай жол менен болбосун эптеп мандатка жетүүнүн амалын ойлойт. Ушул шайлоодон кийин эл өзү тарбияланат го деп турам. Андай бузуктар чыга берет.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №144