Домой Коом Шайлообек Дүйшеев: “Мамлекеттүүлүктү бекемдейли, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы!”

Шайлообек Дүйшеев: “Мамлекеттүүлүктү бекемдейли, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы!”

11

Шайлообек ДүйшеевАКИ-press маалымат агенттиги эгемендүүлүктүн 23 жылдыгын утурлай «Менин Кыргызстаным» рубрикасынын алдында видео-очерктерди жарыялоодо. Анда Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар көзкарандысыздыктын, азаттыктын баа-баркы тууралуу ойлорун ортого салышкан. Төмөндө Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин пикирине ортоктош болосуздар.

– Мамлекеттүүлүк деген – оңой нерсе эмес. Бул деген колдон-буттан алып, биз баарыбыз түп көтөрө: «Ой, мамлекеттүүлүктү бекемдейли, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы» деп ушул идеяга биригип иш кылышыбыз керек болуп турат. Себеп дегенде, ойлосоң, мамлекети жок канчалаган улуттар жүрөт. Тээ кылымдын барактарын аңтарсан далай элдер, сарматтар, печенеттер деген чоң-чоң элдер жок болуп кеткен.

Биз ар бирибиз президент айткан мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекеттүүлүк деген эмне экенинин маанисин терең түшүнүшүбүз керек дагы, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдейли деген идеяга бүгүн кыргыздын бириге турган мезгили келди. Буга чейинки ызы-чуу, жол тосуу, митинг-пикет дегендер токтой турган кез келди. Эл деле тажап бүттү мындайдан. Мамлекетти байытсак, мамлекетибизди түзүп алсак, андан кийин биз бекем болобуз.

Айбат гезити №92