Домой Маек Шерадил Бактыгулов, саясий серепчи: “Абыловдун бул айтып жаткандары эч кандай негизсиз”

Шерадил Бактыгулов, саясий серепчи: “Абыловдун бул айтып жаткандары эч кандай негизсиз”

8

Шерадил Бактыгулов– Шерадил мырза, «Азаттык» партиясынын штаб башчысы Мамбетжунус Абылов шайлоо күнүн узартыш керек деп чыкты. 4-октябрга белгиленип калган бул саясий өнөктүктүн датасын которууга кандай карайсыз?

– Бул күндү өзгөртүп шайлоо мөөнөтүн узартуунун эч кандай зарылдыгы жок. Бул жерде шайлоону жакшы өткөрүп алууга эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Шайлоо өткөрүүдө биринчи албетте, калктын санын эсептеп, андагы шайлоодо кызмат кылуучулардын саны аныкталат. Бизде болсо, 5 шайлоочуга бир көзөмөл, жана башка орундагы бир кызматкер туура келет. Эгерде штабдагылардын иштөөгө убактылары жетишпей калса, жумуштан кийин кийин кошумча убакыт кошуп алып иштешсе болот.

– Ошондой эле ал БШК мыйзамды бузуп партиялар тизмени тапшыргандан кийин аны 13 күндөн кийин каттаганын билдирди. Мыйзам боюнча 10 күндөн кийин катташ керек деген Мамбетжунусов БШКны сотко бере турганын билдирди. Оппозициялык маанайдагы саясатчынын мындай билдирүүсү канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

– Бул жерде башкалар кандай түшүндү билбейм. Мен эч бир сотко тиешелүү себеп көрө алган жокмун. Бул албетте Жогорку Кеңештин аткара турган гана иши. Сотко берүүгө эч кандай негиз жок. Азыр адамдардын да аябай пейили таарып бараткан го. Кечигип тапшыруу эч кандай шайлоонун жыйынтыгын, же документтик негизде кемчилик болуп саналбайт. Ошондуктан Абыловдун бул айтып жаткандары эч кандай негизсиз деп ойлойм.

Айбат гезити №144