Домой Маек Шергазы Мамбетов: “Кен байлыктарды иштетсек, мамлекеттин экономикасы дагы, элибиздин жашоосу дагы оңолот”

Шергазы Мамбетов: “Кен байлыктарды иштетсек, мамлекеттин экономикасы дагы, элибиздин жашоосу дагы оңолот”

6

Шергазы Мамбетов– Шергазы мырза, Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан митингдер буга чейин болуп келди. Ал тургай бул гана кенди эмес, жалпы эле Кыргызстандын кендерин иштетүүгө канча бир убакытка чейин мораторий жарыялаш керек дегендей аракеттерди жасагандар бар. Сиз буга кандай карайсыз?

– Мындай аракеттерди жасап аткандардын кадамын туура эмес деп эле эсептейм. Себеби кен байлыктарды иштетиш керек. Албетте, аны ишке киргизердин алдында бардык өйдө-төмөн жактарын караштырып, зыяндуулугу кандай болот аны эсептеп, айтор бардыгын таразалаш керек. Кен чыгуучу жерди ишке киргизсек, ал бир гана жыл иштебейт. Бир канча жылдар бою иштейт. Демек, андан түшкөн пайда менен экономикабыз оңолот. Элдин жашоо-шарты оңолот.

– Анда азыр кенди иштетүүгө каршы чыгып аткан жергиликтүү элге кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек?

– Элде күнөө жок. Эгерде тоо-кен тармагы боюнча түшүнүк болбосо, жеткиликтүү маалымат берилбесе, каршы чыккандар боло берет. Өкмөт мына ушул маселелердин бардыгын колго алышы керек. Себеби өкмөт элдин атынан кенди иштетет. Кен байлыктар бул кайсы бир топтун, же жеке адамдын байлыгы эмес, ал жалпы мамлекеттики. Андыктан туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал кенди иштетүүдөн кандай пайда болот, кандай өңүттө иштетилет бардыгын ачык көргөзүп, элди маалымдар кылыш керек. Элге деле азыр жумуш керек. Ал кен ишке кирсе ошол жумуш табылат. Андыктан бир эле маселе – туура түшүндүрүү жана кенди максаттуу иштетүү зарыл.

Айбат гезити №114