Домой Коом ШИИБ: ИИМдин курсанттарын ташып бара жаткан унаа айдоочусу мас абалында болгон

ШИИБ: ИИМдин курсанттарын ташып бара жаткан унаа айдоочусу мас абалында болгон

3

1

Эксперттер тарабынан ИИМдин Академиясынын курсанттарынын өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына кабылган унаалардын айдоочулары мас абалында болгон деген жыйынтык чыгарылды. Бул тууралуу шаардык ИИБдан билдирди.

Маалым болгондой “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус менен курсанттар полигонго бара жатышкан. Алардын автоунаасын “Көк-Жар” жаңы конушунун 1985-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Унаанын ичинде ИИМдин Академиясынын 1-курсунун 30 курсанты болгон.

Ал эми аны менен сүзүшкөн “Москвич” унаасынын айдоочусу жолдун каршылап тилкесине чыгып кеткен жана курсанттар келе жаткан кичи автобуска барып урунган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп соттук-медициналык, автотехникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227154