Домой Маек Шумкарбек Адилбек уулу, экономист: “Жерүйгө каршы чыгып жаткандар тендер өтүп жатканда кайда...

Шумкарбек Адилбек уулу, экономист: “Жерүйгө каршы чыгып жаткандар тендер өтүп жатканда кайда эле?”

2

Жерүй– Шумкарбек мырза, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” маселеси чечилмейинче Жерүй кени иштебеш керек деп айтыптыр. Бул кишинин мындай билдирүүсүнө кандай баа бересиз?

– Бул таптакыр туура эмес. Жерүй менен “Кумтөрдүн” маселеси таптакыр эки башка. Биз экономиканы өнүктүрөбүз десек мындай иштерге жол бербешибиз керек. Инвесторлорду чакырып, аларды тендерге катыштырып, утуп чыгып акчасын сала баштаганда ага бут тоскон акылга сыйбаган көрүнүш. Мына ушул каршы чыгып жаткандар тендер өтүп жатканда кайда эле?

– Айрым саясатчылар Жерүйдү иштетпөө айласын катуу көрүп жатканы байкалууда. Буга Таласта өткөн митингдер мисал боло алат. Мындай акциянын артында кимдер турганы да ачыкталды. Биз ушундай саясатчыларды тартипке чакырып койсок болобу?

– Сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеген саясатчыларды жоопко тартыш керек. Ал эми инвесторлорго бут тосуп, Кыргызстанга акчасын коротуп жаткан чет элдиктерди кайра артка кайтарсак бизге кандай инвестиция келет? Бул саясатчылар эмнени каалап жатканы түшүнүксүз.

Айбат гезити №133