Домой Дүйнө кабары Сириядагы согуштун чыгымы 22 миллиард доллар болду

Сириядагы согуштун чыгымы 22 миллиард доллар болду

9

Сирия

Сирия өкмөтү согуштун айынан болгон экономикалык чыгымды 22 миллиард доллар деп көрсөтүштү. Бул туралуу мамлекеттик “Аль-Ватан” гезити жазып чыкты. Өкмөттүн вице-премьери Омар Галаванджи согуштун чыгымын 3250 миллиард сирия фунту ( болжолдуу 21,6 миллиард доллар) болоорун билдирген. Атка минээр бул чыгым күндөн күнгө өсүп бараткандыгын айткан. Дагы мурун 2012 –жылы бул чыгым болжолу менен 14 миллиард доллар болгон.Сириянын экономикасы орду -түбү менен талкаланган. Кээ бир аймактар жарым жартылай талкаланса кээ бир имараттар толугу менен кулаган. Эң көп зыян чеккен Алеппо шаары аталууда. Ал бир кезде өлкөнүн өндүрүштүк шаары болгон. Азыр ал жерде атышудан талкаланган иматарттар гана калган. Эки жылга аяк басып бараткан ички тирешүүдөн 130 миңге жакын киши өлүп миллиондогон адамдар качып жүрүшөт.

Айбат гезити №62