Домой Коом Соцфонд бир жылдын ичинде төлөм чогултууну 110 пайызга көбөйттү

Соцфонд бир жылдын ичинде төлөм чогултууну 110 пайызга көбөйттү

4

110

Социалдык фонд 2013-жылдын январь-июнь айларында камсыздоо төлөмдөрүн 9 млрд 818,7 млн сомго чогултту, ал эми план боюнча 9 млрд 693 млн сом чогултууга тийиш болчу. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда болгон ведомство жыйынында 2012-жыл үчүн жана 2013-жылдын I жарым жылдыгы боюнча сунушталган отчетто айтылат.

Өткөн жылга салыштырмалуу камсыздоо төлөмдөрүн топтоо 110,2 пайызга же болбосо 909,3 млн сомго көбөйгөн.

Ошондой эле ушул жылдын январь-февраль айына карата пенсия менен пособие 14 млрд 360,6 млн сом болуп толук көлөмдө берилген.”1-июлга карата пенсияга бериле турган карыз жок”,- деп айтылат отчетто.