Домой Коом Социалдык тармакка көп чыгым короткону үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанды сындады

Социалдык тармакка көп чыгым короткону үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанды сындады

6

всемирный банк

Социалдык тармакка көп чыгым короткону үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанды сынга алууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда алдыда боло турган форум тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан маалда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу жалпы бюджеттин чыгышасы боюнча алып караганда социалдык тармакка көп каражат сарптайт. Ошого карабастан кедейлерге жардам бере албай келет.

“Кыргызстанда даректүү түрдө жардам берүү маселелеси турат. Өзгөчө айыл жеринде жардам муктаж кишиге даректүү түрдө жетпейт”,- деди Оторбаев.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227059