Домой Кылмыш Соң-Көлдөн балык сатып жаткан жеринен кармалган 3 адам инспекция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп...

Соң-Көлдөн балык сатып жаткан жеринен кармалган 3 адам инспекция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп качып кетишти

4

19-октябрь күнү эртең мененки саат 9:40дар чамасында белгисиз адамдар тарабынан, Нарын шаарынын Мал базар аймагынан Соң-Көл көлүнөн «Пелядь» балыгын алып келип сатып жаткандыгы тууралуу маалымат башкармалыктын ишеним телефонуна түшкөн. Мамэкотехинспециясынын басма сөз кызматы билдиргендей, башкармалыктын инспекторлору Р.Абдыраев, Ж.Казакбаев жана Б.Кадырмамбетов тарабынан жеринен барып аныктаган учурда «Тойота Ипсум» мамлекеттик номериндеги В52-82L автоунаасында темир идиштерде салынган көлөмү 117 даана балыктарды сатып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүдө сатып жаткан аты-жөнү белгисиз эки аял жана айдоочу кармалып, аты-жөнүн айтпастан автоунаанын ичиндеги идиштеги салынып турган балыктарды далил катары алууда тосколдук кылып, чачып жиберген. Башкармалыктын инспекторлоруна каршылык көрсөтүп кол салып, алардын денесине жаракат келтирүү менен, айдап барган «Ауди С-4» үлгүсүндөгү мамлекеттик номердеги В2095W автоунаага дагы зыян келтирип эшигиндеги ветровой пластмасаларын жана оң жак артын көрүүчү күзгүсүн сындырып, качып кетишкен.

Азыркы учурда Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө материалдар тергөө ирээтинде берилди жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Айбат гезити №49