Домой Саясат Сооданбековду теске салып койгулачы!

Сооданбековду теске салып койгулачы!

2

Сооданбеков УланУлан Сооданбеков аттуу «Мен Кыргызмын» коомдук фондунун төрагасы бар. Көптөн бери дайын-дарегин билгизбей кетти эле, 11-сенбярда ысык-Көлдөгү кафелердин биринен караанын чалдыктырдык. Ал он чакты тарапташын айланасына жыйнап алып, бир нерселерди берилип сүйлөп жатыптыр. Кулагыбызды төшөсөк, жакында эле Түркияга барып, түрк оппозиционерлери менен жолугушканын, алардан финансылык колдоо саймедирегени. Мындан ары саясатка активдүү киришип, бийликти күч менен кулатуу үчүн бардык күчүн жумшайм дегенин угуп жакабызды кармадык. Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) лидери Равшан Жээнбеков менен мамилеси жакшы экенин, бирок, бийлик колго тийсе, дароо ушундай саясатчылардан арыларын кыйытканы кандай? Биз Сооданбековдун өмүр жолун иликтей баштадык, жыйынтыгын гезитибиздин кийинки сандарынан окуйсуздар.

Айбат гезити №96