Домой Коом Сот атажуртчуларды камакта калтырды

Сот атажуртчуларды камакта калтырды

6

сотКурманкул Зулушевдин төрагалыгы астындагы соттук коллегия өтүнүч катты канааттандырбоо чечимин кабыл алды.

7- июнда “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун иши боюнча соттук отурумунда Бишкек шаардык соту, эл өкүлдөрүнүн кесиптеши Жылдызкан Жолдошованын аларды эркиндикке чыгаруу боюнча өтүнүч катын канааттандырган жок.

Айыпталуучулардын адвокаттары өтүнүч катын колдоого алышты. Бирок мамлекеттик айыптоочу макул эмес экендигин билдирип, сотту бул маселени канааттандырбоого чакырды.

Курманкул Зулушевдин төрагалыгы астындагы соттук коллегия өтүнүч катты канааттандырбоо чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов депутаттарды ар кандай мөөнөт менен эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал эми эксперт Кубатбек Кожоналиев акталып чыккан.