Домой Дүйнө кабары Сталлоне террористтер менен согушат

Сталлоне террористтер менен согушат

1

Актёрдун айтышы боюнча анын Иракта жана Сирияда командалары бар.

Сильвестр Сталлоне

69 жаштагы актёр жана режиссёр Сильвестр Сталлоне бир нече мамлекеттердин алы келбеген террористтер менен өзү жалгыз согушат.

– Биздин Иракта жана Сирияда командаларыбыз бар, жергиликтүү тургундар менен иштешип жатабыз – дейт Сталлоне.

Мындай пикирин ал Рэмбо тууралуу жакында тарта турган киносу жөнүндө айтып жатат. Бешинчи болгон бул бөлүк “Рембо: Акыркы кан” деп аталып, анда актер өзү башкы ролду ойнойт экен.

Айта кетсек мурунку бөлүктөрүндө супер солдат Рэмбо Афганистандан баштап Вьетнамга чейин, дүйнөнүн бир топ кырдалдуу бурчтарында террористтер менен согушуп, аларды жеңип келген. Кино тууралуу расмий такталуулар чыкканы менен анын релизинин датасы тактала элек. Акыркы “Рэмбо” 2008-жылы чыккан, ал эми калганы алыскы 80-чи жылдары эле тартылган.

Айбат гезити №137