Домой Коом Сүйүнчү! Эми айдоочуларды эле эмес, жол кызматкерлерин да чоң айыпка жыгууга болот!

Сүйүнчү! Эми айдоочуларды эле эмес, жол кызматкерлерин да чоң айыпка жыгууга болот!

14

Маичилерге айыпИчки иштер органынын кызматкери айдоочуну жөнү жок тозуп токтоткон болсо, анда ал 20 миң сом айыпка жыгылат.

29-май күнү Жогорку Кеңештин депутаттары, жол эрежелерин бузгандарды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча Кодексти оңдоп-түзөө мыйзам долбоорун, биринчи отурумда кабыл алышты.

Мыйзамга ылайык, эгер кызматкердин өздүк күбөлүгү жана дислокациялык картасы жок болуп, айдоочуну жөнү жок токтоткон болсо жана себептүү токтотконун далилдеп бере албаса (фото, видео камерага же башка техникалык аппаратка түшүрүлгөн далил), анда ал кызматкер 20 миң сомдук административдик айыпка жыгылат.

Сүйүнгөнүбүздүн себеби – эми айдоочу жана жол кызматкери бирдей жооптуу жана эки тарап тең мыйзамды бузбай, укуктарын коргойт деген тилек!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №80