Домой Hi-Tech Суусу жок иштеген кир жуугуч машинаны ойлоп табышты

Суусу жок иштеген кир жуугуч машинаны ойлоп табышты

2

NimbusАргентина улуттук университетинин студенттери Кордов Николас Арайя жана Николас Вуксановик суусу жок иштеген кир жуугуч машина ойлоп табышты. Ал үчүн алар болгону жаратылыш диоксид углеродун же көмүр кычкыл газын колдонушкан. Кездемени жуурда бул газ экологиялык таза каражат болоорун тастыктаган дипломдук иштерин жазышкан. Азыркы суу тартыш болуп жаткан убакта алардын кир жуугуч машинасы кирди кургак кетирип, сапатын да жоготпойт экен. “Нимбус” деп аталган кургак кир жуугуч адаттагы кир жуугучтан электр энергиясын аз колдонгондугу менен дагы айырмаланат. Бул жаңы кир жуугуч азырынча патенттен өтүп, андан ары дагы иштелүүсү күтүлүүдө.

Айбат гезити №61