Домой Коом Сузак районунда 20 гектар жайыт өрттөндү

Сузак районунда 20 гектар жайыт өрттөндү

7

пажарЖалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 гектар жайыт өрттөндү. Бул туурасындагы маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Мындай маалымат “101” кызматына 28-июлда саат 14:00дө келип түшкөндүгу маалым болгон. Кырсык болгон жерге ӨКМнын облустук өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, жалын 19 саат дегенде толук өчүрүлгөн. Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.