Домой Саясат Т.Акун: Эгерде мени мыйзамдуу түрдө кызматтан алса ордумду бошотмокмун

Т.Акун: Эгерде мени мыйзамдуу түрдө кызматтан алса ордумду бошотмокмун

4

АкунТурсунбек Акун бүгүн, 29-июлда «Баракелдеге» берген маегинде билдиргендей, эгерде Жогорку Кеңеш аны акыйкатчы кызматынан кетирүүнү мыйзам чегинде ишке ашырса, ал кетүүгө даяр.

«Менин ден соолугум жакшы болуп ЖК жыйынында катышып отурсам, анда кызматтан алса болот эле. Депутаттардын мени ооруканага алып кеткенден кийин мыйзамсыз түрдө жумуштан алып коюуну чечишкенин туура эмес, деп эсептейм. Эгерде күзүндө келип мыйзамдуу түрдө иштен алышса, ордумду бошотмокмун», – дейт Т.Акун.

Ошондой эле, ал 20 жылдан бери элдин укугун коргоп келгенин, эми өзүнүн укугун коргой турганын кошумчалады.