Домой Коом Т.Мамытов: Эл ишеничин актай албасам иштен кетем

Т.Мамытов: Эл ишеничин актай албасам иштен кетем

4

Токон Мамытов

Эл ишеничин актап, иштин натыйжасын көрсөтө албасам, иштен кете берүүгө даярмын, деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Токон Мамытов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы аскердик санаториясында райондун эли менен өткөн жыйында. Бул тууралуу аймактык кабарчы Сайкал Аттокурова билдирди.

 

«Мага ишенип, мени бул кызматка дайындап жатышат. Ошондуктан мен ишеничти акташым керек. Ал эми актай албасам анда иштен кете беришим керек», – деди Т.Мамытов.