Домой Коом Тажикстан жана Кыргызстан чек ара маселеси Бишкекте талкууланат

Тажикстан жана Кыргызстан чек ара маселеси Бишкекте талкууланат

4

граница-300x195Тажикстан жана Кыргызстан чек ара маселеси Бишкекте талкууланат. Мындай маалыматты бүгүн, 12-июлда өкмөттө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

“Худжандда болгон жолугушуу учурунда биз эки өлкөнүн чек ара маселесине байланыштуу ай сайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турууну макулдашканбыз. Андыктан 15-июлда эксперттердин чоң тобу Бишкекке келет жана он чакты күн бирдиктүү иш алып барабыз”, – деди ал.

Мамытов жолугушуу учурунда тажик тараптан Кыргызстанга 2 миң чарчы метр участок бөлүп берүүнү сурангандыгын билдирди.

“Тажикстандын аймагында, Ходжайлоонун Мозаик деген жеринде 17 кыргыз үй-бүлө жашайт. 120 адам Кыргызстандан такыр эле бөлүнүп калган. Анткени алар Кыргызстанга келчү участкага тажиктер үй салып алган”, – деди Мамытов.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227264