Домой Коом Тайырбек Сарпашев: Региондогу текшерүүлөр политпартиялардын буюртмасы

Тайырбек Сарпашев: Региондогу текшерүүлөр политпартиялардын буюртмасы

2

тайырбек сарпашевКыргызстанда 450 айыл өкмөтү бар болсо анын ичинен 123дө мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу Сокулук районунун активи менен болгон бүгүнкү жолугушуусу учурунда экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтканына караганда, бийлик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ниеттенип жатат. “Айыл өкмөттөрдү кызматынан бошотуу процедурасы татаал болгонуна байланыштуу алар жаза албай турганына көздөрү жетип, мыйзам бузууларга барып жатышат”, – деди Сарпашев.

“Ошол эле учурда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамындагы жаңы шарттар райондук акимдердин ыйгарым укуктарын кыйла бекемдейт. Райондордогу текшерүүлөр акимдердин уруксааты берилгенден кийин гана мүмүкүн болуусун сунуштап жатабыз. Бүгүнкү күндө текшерүүлөрдүн бардыгы саясий партиялардын буюртмасы менен жүргүзүлүп жатканы эч ким үчүн сыр болбой калган. Алар эч кандай жыйынтыкка алып келген жок. Тараптар ич ара макулдашып алып, ошону менен бардыгы токтоп калып жатат”, – деген пикирин вице-премьер-министр билдирди.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228052