Домой Маек Талантбек Капаров: “Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын татыктуу башкарып кетет”

Талантбек Капаров: “Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын татыктуу башкарып кетет”

8

Ош мэрия

– Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясы мэрдик кызматка Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул талапкерге токтолгонуңуздарга эмне түрткү болду?

– Айтмамат Тентибаевич мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтеринде иштеп, өзүнүн мыкты уюштуруучу, чарбачыл жетекчилигин көрсөткөн инсан. Анын адамгерчилик сапаты да бийик турат. Буга чейин Ош облустук администрациясында жооптуу кызматтарды аркалап келген. Ал Алай районунун Нура айылында жер титирөө болгондо анын кесепеттерин жоюу үчүн күнү-түнү иштеп, элдин алкышына арзыган.

– А.Кадырбаев Ош шаарын татыктуу башкарып кетет деп ишенесизби?

-Албетте. Жогоруда айткандай, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтеринен өткөн, мыкты уюштургуч. Ал Ош шаарынын тургундарынын жана шаардын маселелерин чечүүгө кудурети жетет. А.Кадырбаев июнь окуясында да тикесинен тик туруп, эки элди жараштыруу жана коогалаңдын кесепеттерин жоюу үчүн чоң иштерди жасаган. Ош шаарындагы ири курулуштарга да анын салымы чоң. Кыскасы, Айтамамат Кадырбаев Ош шаарын татыктуу башкарып кетет деп ишенем.

Айбат гезити №60