Домой Кылмыш Таласта 0,5 га аянтка өстүрүлүп жаткан индиялык кара куурай өсүмдүгү табылды

Таласта 0,5 га аянтка өстүрүлүп жаткан индиялык кара куурай өсүмдүгү табылды

4

конапляКечээ, 17-июлда Талас облусунун Кара-Буура районунун түштүк бөлүгүндөгү чоң тилкеден Талас чек ара отрядынын чөлкөмүндө чек арачылар тарабынан индиялык кара буурайдын мыйзамсыз айдалган аймагы табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жанан ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Талас чек ара отрядынын «Көксай» чек ара заставасынын аскерлерине чек ара линиясынан 2,5 чакырым алыстыкта бийик тоолуу чөлкөмдө 0,5 гектар индиялык кара куурай айдалгандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Чек арачылар ал жерден 3 миңге жакын түп өстүрүлгөн индия кара куурайын табышты.

Табылган өсүмдүк тууралуу укук коргоо органдарына кабарланды.

Тийиштүү документтер жол-жоболоштурулгандан кийин курамында баңги зат бар өсүмдүктөр УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлөт.

Булак : Баракелде