Домой Коом Таласта 3 жыл аралыгында 107 даана МТЗ жана УТО үлгүсүндөгү тракторлор берилген

Таласта 3 жыл аралыгында 107 даана МТЗ жана УТО үлгүсүндөгү тракторлор берилген

3

трактор МТЗ

Талас облусунда 2011-жылдан ушул жылдын 1-июлуна чейин 107 даана МТЗ жана УТО үлгүсүндөгү тракторлор «Айыл Банк» акционердик коому аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөзь кызматы билдирди.

Облустук өкүлчүлүктүн агрардык секторунун башкы адиси Туратбек Назаралиевдин айтымында, анын ичинен 7 даана МТЗ үлгүсүндөгү тракторлор «Автомаш-радиатор» ЖЧК аркылуу нак акча каражатына алынган.

«2012-жылдын апрель айында өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги «Автомаш-радиатор» ЖЧК менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнүн негизинде Талас шаарында МТЗ үлгүсүндөгү тракторлорду жана Гомель айыл чарба техникаларын сатуу боюнча филиалын ачууга жетиштик. Бүгүнкү күндө жогорудагы техникалар филиал аркылуу дыйкандарга сатылууда. Ошол техникаларга оригиналдуу запастык тетиктерди сатуу боюнча соода түйүнүн Талас шаарында ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта соода түйүнү ачылганы турат», – дейт Т.Назаралиев.