Домой Саясат Таласта коррупция боюнча семинар өттү

Таласта коррупция боюнча семинар өттү

0

коррупция
Бүгүн, 11-июлда Талас облустук өкүлчүлүктүн чоң жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясаты» аттуу окуу семинары болду. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Облустук өкүлчүлүктүн укуктук тартипти, коопсуздукту сактоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Момбековдун айтуусунда, семинарды Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров алып барып, ага облустук укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, сот органдарынын, тийиштүү ишкана мекемелердин жетекчилери катышты.

Семинарда Экономика министрлигинин антикоррупция саясатын жүргүзүү жана анын алдын алуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев аталган темада кенен баяндама жасады. Ал семинардын катышуучуларына аймактык деңгээлде антикоррупциялык программаларды, пландарды түзүү жолдорун айтып, ушул иш боюнча кантип мониторинг жүргүзүү керек экендигин, антикоррупциялык иш-чаралардын натыйжалуулугун чыгаруу жолдору менен тааныштырды. Облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери да бул багытта аткарып жаткан иштер боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Булак : Баракелде