Домой Коом Таластыктар бийликке ыраазы

Таластыктар бийликке ыраазы

3

Фасоль

Талас облусунун жашоочулары негизинен төө буурчак өстүрүп жан багары маалым. Туңгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар, андан кийинки ханзаада Максим Бакиев төө буурчакка дагы “доляга” отуруп, төө буурчактын килограммы 30 сомдон ашкан эмес. Акыркы эки жылдан бери төө буурчак менен шуулданган бизнесмендерге кысым көрсөтүлбөй, “салык” төлөөдөн кутулганы жергиликтүү дыйкандар төө буурчактын килограммын 80 сомго пулдап, капчыктарын кампайтып атыр. “Айдар менен Максим кактабай каныбызды соруп, эмгегибиз талаага кетчү эле. Алмазбек Атамбаев президент болгону андай терс көрүнүш жоюлду. Биз президентке ыраазыбыз” деген Таластын эли бүгүнкү бийликке ыраазычылыгын айтып бүтө албай жаткан кези. Эмне демекчибиз, түшүм берекелүү болсун!

Айбат гезити №48