Домой Коом Таластыктар Казакстанга кетчү “Быстроток” каналын кайрадан тоскону жатышат

Таластыктар Казакстанга кетчү “Быстроток” каналын кайрадан тоскону жатышат

9

быстроток

Көк-Сай айылынын тургундары Казакстанга кетчү “Быстроток” каналын кайрадан тоскону жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда чек ара маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Эмир Парпиев билдирди. “Казактар берген убадасын аткарган жок, бизге тиешелүү жайыттын бир гана жерин ачышты. Ошондуктан 2-3 күндүн ичинде Казакстанга кеткен суу кайрадан жабылат”,– деди Парпиев.

Автор: Гүлназ Атантаева