Домой Энергетика Тарифтерге каршы чыккан Арменияда электрдин баасы бизге караганда 3,8 эсе кымбат

Тарифтерге каршы чыккан Арменияда электрдин баасы бизге караганда 3,8 эсе кымбат

1

ЭнергетикаАрмениянын Гюмри жана Ванадзор шаарларында 19-июндан бери электр кубатына баанын көтөрүлүшүнө нааразыболгон жарандар митинг өткөрүүдө.  Армения өкмөтү тарифтер 1-августтан тарта  16га жогорулай турганынын 17-июнда жарыяланган.

Чындыгында карапайым армян калкынын нааразы болгонуна да себеп бардай. Анткени, экономикасы бизден артта калган бул мамлекетте жарандар 1 килловат энергия үчүн 41,85 драм же 5 сомдон жогору акча төлөйт экен. Мисалы, Кыргызстанда орточо айлык акы 210-220 долларды түзсө, Арменияда болсо орточо айлыктын баасы 190 долларга араң жетет. Кыргызстанда 70 тыйын,

Тажикстанда 2,21 цент, же 1 сом 30 тыйын, орточо айлык акы 9 447 сом (975 сомони),

Өзбекстанда 5 цент же 3 сом, орточо айлык акы 21 542 сом ($350),

Кытайда 7 цент, же 4,2 сом, орточо айлык 24 620 сом,

Орусияда 6,2 цент, же 3,72 сом, орточо айлык, 36 885 сом (32 642 рубль),

Казакстанда 11,4 цент, же 6,84 сом, орточо айлык 50 469 сом,

Молдовада 14,4 цент, же 8,64 сом орточо айлык 3 979 сомов (4349 лей).

Айбат гезити №134