Домой Саясат Ташиев акча үчүн баарына даярбы?

Ташиев акча үчүн баарына даярбы?

12

Ташиев КамчыбекКоррупцияга шектелип абакта отурган Акматбек Келдибековду колдогон митингдерде «Ата журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев да сөз сүйлөп, бир кездеги досун коргогондой түр жаратты. Коргогондой дегенибиз, эки достун ортосун «кара мышык аралаганын» журналисттер эбак жазышкан. Акматбек Келдибекович ЖК төрагасы болгондон кийин баштапкы убадасынан тайып президенттик шайлоодо Ташиевди колдобогонун, ал Ак үйдүн тосмосунан секирип камалганда коргоп чыкпаганы жараканын кеңейишине себепчи болгон. Ошого карабастан Камчыбек Кыдыршаевич Ошко чейин барып, «Келдибековго боштондук!» деп кыйкырып келди. Ошондой эле: «Акматбек кантсе да партиялашым эмеспи. Колдоп коёюн дедим. Эми мындан аркы кадамдарым анын каржылоосуна байланыштуу болот. Эгер финансы күчтүү болсо аны колдойм» дегендей жакындарына ымандай сырын төгүптүр. Кан досу ушинтип «акча болсо колдойм,  болбосо жок» деп жаткан соң, карапайым кишилер Келдибековго күйгөнүнөн эмес, кызылдай акчага кызыгып митингге чыгып жатканы ушу эмеспи?

Айбат гезити №56