Домой Саясат “Ташиев-Бабанов” тандеми октябрдын аягына жетпей калабы?

“Ташиев-Бабанов” тандеми октябрдын аягына жетпей калабы?

4

Бабанов, ТашиевПарламенттик шайлоодо маарага экинчи болуп келген “Республика Ата Журт” партиясында абал чатак. 5-октябрдан бери “Республика” менен “Ата Журт” ич ара мандат бөлүшө албай партиянын “босстору” бирин-бири “энеңди” дегенге чейин барган. Бизге жеткен маалымат боюнча партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов “Ата Журт” партиясынын талапкерлерин четке сүрүп, мандат берүүдөн таптакыр баш тартып жатыптыр. Буга ачууланган Талант Мамытовго окшогон Ташиевдин “нөөкөрлөрү” муштумун түйүп, аягына чыгабыз деген экен. Азырынча алар эмненин аягына чыгары белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда Ташиев менен Бабановдун тандеми октябрдын аягына жетпеши мүмкүн. Анткени чатактын баары мандат бөлүштүрүүдө болуп жатыптыр. Ташиев ары тартса, Бабанов бери тартып, кыскасы партия ичинде абал чатак.

Айбат гезити №149