Домой Саясат Ташиев дагы секиреби?

Ташиев дагы секиреби?

8

Ташиев забор митинг«Ата журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев 3-апрелдеги маалымат жыйынында «секирмей» темасын козгоду. 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн кашаасынан элдин кызыкчылыгы үчүн секирип, алаасын тилдиргенин айткан Ташиев эгер керек болсо 10-апрелге мерчемделген митингде дагы да секире берерин билдирди. «Эгер кырдаал талап кылса, мен күтүүсүз кадамдарга барууга даярмын» деген Камчыбек Кыдыршаевичтин кебинен улам «бүкүрдү көр гана түздөйт» макалын эстедик.

Экинчиден, УОКчулар канчалык тынч маанайда митинг өтөт деп жанын жешпесин, Камчыкенин секирем дегенине караганда Чыңгызханчасынан «жүрүш» жасамай максатталгандай. Буга тийиштүү органдар көңүл буруп, алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек эмеспи?

Айбат гезити №72