Домой Коом Ташиевдин агасы төрөт үйүнүн аймагында күн кечирет

Ташиевдин агасы төрөт үйүнүн аймагында күн кечирет

4

жалал-абадЖалал-Абал облусундагы төрөт үйүнө тиешелүү жерди экс-депутат Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Каныбек Ташиев мыйзамсыз менчиктеп алган. Ал муну менен эле тим болбостон ал жерге эки кабаттуу особняк салууга жетишкен. Ал эми тегерегин ит өтө алгыс кылып тосуп салганын ырастаган тасма НТС телеканалында жарыяланды.

Жалал-Абаддагы жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, төрөтканага келгендер үчүн орун жетишпей, жаңы имарат куруу зарылчылыгы келип чыккан. 5 орунга ылайыкташтырылган бөлмөгө ондон ашуун аялдарды жаткырууга туура келүүдө. Мунун айынан жаш балдар арасында жугуштуу оорулар көбөйүп жатыптыр. Ал эми жаңы төрөт үйүн салууга донорлор табылганы менен анын аймагында Ташиевдин бир тууганын хансарайы ээлеп турат.

Интернетте жарыяланган тасма көрсөткөндөй, Каныбек Ташиев аталган аймакка барган журналисттерге атырылып, камерасын сындырып салууга аракеттенген. Каныбек мырза антип опурулгандын ордуна, карапайым элди ойлоп жерди кайтарып берсе болмок. Же өзү каалагандай чартаңбай тээп, карапайым элдин балдары түрдүү ооруларды жуктура берсинби?

Айбат гезити №60